20-август 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясынын
№13/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына келген жаңы техникалардын элге кызмат көрсөтүү тарифин бекитип берүү жөнүндө
2025-жылдын 20-августунда Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын берген катын карап чыгып жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын сунушуна ылайык жаңы келген Экскаватор, Погрузчик, Хово техникаларынын элге кызмат көрсөтүү тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагына экскаватор менен элге кызмат көрсөтүүсү 1 рейске инерттик материал жүктөп берүүгө 500 (беш жүз) сом;
- Күнүмдүк жумуш обьемго жараша келишим менен септик казуу 1 метр жерге 1000 (бир миң) сом, короо жай ж.б бузуу келишимдин негизинде, чоң там бузуу 15 000 (он беш миң) сом;
- Дөбөлү айыл аймагына погрузчик менен элге кызмат көрсөтүүсү 1 рейске инерттик материал жүктөп берүүгө 500 (беш жүз) сом;
- Күнүмдүк жумуш келишим менен саатына 2000 (эки миң) сом;
- Дөбөлү айыл аймагына хово менен элге кызмат көрсөтүүсү (кум, шагыл, топурак) тартуу Нарын шаарынан 5000 (беш миң) сом, айылдан 2500 (эки миң беш жүз) сом.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төраганын орун
басары Б. Сүйүналиев