Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясынын №12/3 Токтому Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

1-август  2025-жыл                                                                                                                                            Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз   12-сессиясынын

№12/3 Токтому

 

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алыш айылындагы  “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10 жана 19-беренесине ылайык жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 1-августундагы №01-18/2833 катын карап чыгып жана талкуулап  Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы №531 токтому менен Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                           Б. Шералиев

Leave a Reply