Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясынын №12/1 Токтому Дөбөлү айыл аймагына өзү жүрүүчү чөп чапкыч айыл чарба техникасын алуу долбоорун кароо жөнүндө

1-август  2025-жыл                                                                                                                                            Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз   12-сессиясынын

№12/1 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагына өзү жүрүүчү чөп чапкыч айыл чарба техникасын

алуу  долбоорун кароо жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” МИнын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, айыл тургундарына айыл чарба кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында  Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” МИнын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, айыл тургундарына айыл чарба кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында Дөбөлү айыл аймагына өзү жүрүүчү чөп чапкыч айыл чарба техникасын алуу долбоору жактырылсын.

 

  1. Долбоорду каржылоого Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн өнүктүрүү фондунан  1 676 500 (бир миллион алты жүз жетимиш алты миң) сом акча каражаты суралсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                           Б. Шералиев

Leave a Reply