Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 11-сессиясынын №11/2 Токтому Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 7-февралындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX-чыкырылышынын кезектүү 4-сессиясынын №4/3 Токтому менен бекитилген 2025-жылдын бюджетинен 540,0 миң сом каражатын жылдыруу жөнүндө

17-июль  2025-жыл                                                                                                                                             Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 11-сессиясынын

№11/2 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 7-февралындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX-чыкырылышынын кезектүү 4-сессиясынын №4/3 Токтому менен бекитилген  2025-жылдын бюджетинен 540,0 миң сом каражатын жылдыруу жөнүндө

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2025-жылдын 7-февралындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чыкырылышынын кезектүү 4-сессиясынын №4/3 Токтому менен бекитилген  2025-жылдын бюджетинен 2215 беренесине каралган 2351,5 миң сомдон 540,0 миң сом каражатын 3112 беренесине, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын  20.06.2025-жылдагы №01-18/2226 катынын негизинде Коомдук коопсуздуктун алдын алууга карата видео көзөмөл жабдуусун алууга жана улуттук маданий иш чараларды өткөрүүгө кыргыздын улуттук Боз үйүн алууга жылдыруу  максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы  токтом кылат:

 

  1. 2025-жылдын бюджетинин 2215 беренесине каралган 2351,5 миң сомдон 220,0 миң сом коомдук коопсуздуктун алдын алууга карата видео көзөмөл алууга жана 320,0 миң сом боз үй алууга жалпы 540,0 миң сом каражатын 3112 беренесине жылдырылсын.

 

  1. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А. Абдыкадыровго тапшырылсын

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                           Б. Шералиев

 

Leave a Reply