3-июнь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 9-сессиясынын
№9/4 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын сунуштарын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык «Ак-Бел» муниципалдык ишканасынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүн жакшыртуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын жайыт жерине тиешелүү участкаларындагы элге кызмат көрсөтүү үчүн жана башка пайдаланууга берилген жердин аренда акысы 20 000 (жыйырма миң) сом болуп бекитилсин. (жер комиссиясынын чечими менен, конкурстук негизде берилсин).
- Дөбөлү айыл аймагы боюнча тазалык жыйымынан чогулуучу төлөмдүн бөлүштүрүлүшү боюнча, 98,5% кызмат көрсөтүүгө жана 1,5% салыгын төлөөгө жумшалсын.
- Дөбөлү айыл аймагындагы мекеме ишканалардын таштандыларын чыгарууга 300 (үч жүз) сом болуп бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев