3-июнь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 9-сессиясынын
№9/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылындагы Аэропорт көчөсү №4 дарегинде жайгашкан трансформаторду коопсуз жайга жылдыруу жөнүндө
2025-жылдын 22-апрелиндеги Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн №37-26-6/2114 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын Курманов Бейшеналы көчөсүндөгү идентификациялык коду 4-05-08-1003-0025 номерлүү участкасынын күн чыгыш тарабындагы 25 чарчы метр жер аянтына трансформаторду орнотууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү документтери менен иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Сапарбек уулуна жана Кеңеш айылынын айыл башчысы С. Молдобаевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев