15-апрель 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 8-сессиясынын
№8/4 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата 360,6 миң сом калдык каражатты Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталган дөңгөлөктүү эксковатор алуу долбоорунун өздүк салымына жумшалсын.
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов милдеттендирилсин.
Төрага Б.Шералиев