12-март 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясынын
№6/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” мунийипалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын сунушуна ылайык, тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Төлөмдөрдү төлөбөгөн абоненттерге айып – 7500 сом.
- Мончолорго таза суу үчүн төлөм айына – 500 сом.
- Өз билемдик менен суу кошууга айып – 2500 сом.
- Айлана чөйрөгө таштанды таштоого айып – 3000 сом.
- Откормга таза суунун төлөмү, мал башына айына – 50 сом.
- Шланг менен огород сугарууга айып – 1500 сом
- Техникаларга аренда акы бир жылга – 50 000 сом. жүрүп турган 2 (эки) техникага (МТЗ 892.2 Беларус, Rhinaceros XN 120-ii экскаватор-погрузчик)
- Жазгы күл чыгаруу Камаз менен тариф – 2000 сом.
- Трактор YINONG 1204 – 1500 сом.
- Сырттан келген (шаардан) малга бодо 200 сом, майда жандыкка 40 сом.
11.Жайытка көрсөтүлгөн жерге (журтка) отурбаса айып 5000 сом, жана көчүү.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев