2025-жылдын 7-февралындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндөгү №4/9 токтому

7-февраль  2025-жыл                                                                                                                               Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын

№4/9 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык  акча каражаттарын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2025-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражаттарын айыл өкмөттүн  социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  • Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата 600,0 миң сом калдык каражатты Дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен каржылануучу Дөбөлү айылдык клубунун капиталдык ремонту долбооруна өздүк салым катары каралсын.

 

  • Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.

 

  • Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  К.Кудайбергенов  милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                  Б.Шералиев

 

Leave a Reply