26-февраль 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIX-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясынын
№5/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Нарын райондук аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу боюнча, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-22 беренелерине ылайык, Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагындагы №4028, №4029, №4164, №4030, №4031, №4032 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагындагы №4028, №4029, №4164, №4030, №4031, №4032 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин жаӊыртып түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан келип түшкөн сунуштарга ылайык, тизмедеги жарандар №4028, №4029, №4164, №4030, №4031, №4032 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын. (курамы тиркелет)
- Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Нарын райондук аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

