7-февраль 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын
№4/8 Токтому
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Дөбөлү айыл аймагынын шайлоо округдарынын чек арасын бекитүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Дөбөлү айыл аймагынын шайлоо округдарын түзүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын шайлоо округдарынын чек арасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
№1 Эки-Нарын шайлоо округу (УШК №4028),
Дареги: Эки-Нарын айылы Орозалиев Абдыжапар көч. №3.
Борбору: М. Мамбетов атындагы орто мектеби
Чек арасы: Эки-Нарын айылы Шералы Көкөтаев, Абдыжапар Орозалиев, Тенти Окенов, Жакай Курманалиев, Омур уулу Жусупбек, Жакшылыков Садыр көчөлөрү, айланасындагы кыштоо, сарайлар кирет. Ошондой эле Тамды-Суу айылындагы О. Алиев көчөсү толук, кыштоо сарайлар кирет.
№2 Таш-Башат шайлоо округу (УШК №4029),
Дареги: Таш-Башат айылы А. Өскөнбаев көч. №2
Борбору: А. Турсунбаев атындагы маданият үйү.
Чек арасы: Таш-Башат айылы Дүйшөнаалы Кененбаев, Турдалы Чарыков, Акмат Өскөнбаев, Арча-Бешик, Бакас Төлөев, Кыдык Байгазиев, Мука Касмакунов, Дүйшө Мамбетов көчөлөрү, айланасындагы сарайлар кирет.
№3 Кайыңды шайлоо округу (УШК №4164),
Дареги: Кайыңды айылы Ө. Тезекбаев көч. №1/а.
Борбору: М. Кенжакунов атындагы орто мектеби.
Чек арасы: Кайыңды айылы Султангазы Кененбаев, Жумакадыр Муңайтпасов, Досалы Токторбаев, Өмүрбек Тезекбаев, Токтогул Байгазиев көчөлөрү жана айланасындагы сарайлар кирет.
№4 Дөбөлү шайлоо округу (УШК №4030),
Дареги: Дөбөлү айылы М. Боромбаев көч. №36
Борбору: Дөбөлү айыл өкмөтү.
Чек арасы: Дөбөлү айылы толук анын ичинен Жума Кысамединов, Муканбет Боромбаев, Абдраман Аракеев, Мукаш Сатыбалдиев, Өмүр Токтосунов, Батипа Абдыканова, Төлөгөн Молдоканов, Жаштык, Кабак көчөлөрү жана Ак-Там участкасындагы шайлоочулар кирет.
№5 Алыш шайлоо округу (УШК №4031),
Дареги: Алыш айылы Ыбрай Эсенаманов көч. №56
Борбору: Алыш орто мектеби
Чек арасы: Алыш айылы толук анын ичинде Чыныбек Алымбаев, Ыбрай Эсенаманов, Тагай Аргынбаев көчөлөрү кирет.
№6 Кеңеш шайлоо округу (УШК №4032),
Дареги: Кеңеш айылы Аэропорт көч. №2/а.
Борбору: К. Абиров атындагы орто мектеби
Чек арасы: Кеңеш айылы толук кирет анын ичинен Эсек Усубалиев, Бейшенаалы Курманов, Аэропорт көчөлөрү кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев