7-февраль 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын
№4/4 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынын көлөмү 5359,6 сомго бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынан 4999,0 сомго төмөндөгүдөй муктаждыктарга жумшалсын.
№ | Мазмуну | Сумма (миң сом) |
1. | МЧС | 200,0 |
2. | Пожардык шит жана өрт өчүрүүчү каражаттарды алууга | 125,0 |
3. | Айыл чарбасын кайра каттоого | 153,0 |
4. | Аппаратка инвентарь алуу | 400,0 |
5. | Жолбун иттерди атууга | 50,0 |
6. | Социалдык маселелерге | 488,5 |
7. | Соц объектилерди камсыздандыруу | 250,0 |
8. | Көчө жарыктарына счетчик алуу | 117,0 |
9. | Стим грантка өздүк салым | 600,0 |
10. | Дөбөлү айылдык таза суусуна труба алуу | 200,0 |
11. | Жаңы конуштарына электр мамыларын алуу | 1188,0 |
12. | Көчө жарыктарынын ремонтуна жабдуу алуу | 157,5 |
13. | Айылдык клубка таза суу киргизүү | 200,0 |
14. | Айыл ичиндеги жолдорго агын суу өткөрүүчү трубаларды алуу | 420,0 |
15. | Объектилерге ПГУ орнотуу | 200,0 |
16. | Тамды-Суу айылына көчөт алуу | 50,0 |
17. | Тамды-Суу айылына көчө жарыктарын алуу | 150,0 |
18. | Объекттердин документтерин бүткөрүүгө | 50,0 |
Баары: | 4999,0 |
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов милдеттендирилсин.
Төрага Б.Шералиев