14-январь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясынын
№3/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин күчүнө киргизүү жөнүндөгү” мүлк салыгынын зоналдык коэффициентинин (Кз) нарктык чектерин жогорулатуу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин күчүнө киргизүү жөнүндөгү” мүлк салыгынын зоналдык коэффициентинин (Кз) нарктык чектерин жогорулатуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- 2023-жылдын 13-январындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын №23/1 токтому менен бекитилген Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу калктуу конуштун жерлери (огород) жерлери үчүн мүлк салыгынын зоналдык коэффициенттин (КЗ) 1,3 өлчөмүнө барабар болгон нарктык чектери эч өзгөрүүсүз калтырылып бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлүнө алуу жана тиешелүү эсептерди жүргүзүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн киреше боюнча кызматкери Н. Омүрзаковага тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев