14-январь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
XXIX-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясынын
№3/1Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын 2024-2029-жылдарга
стратегиялык экономикалык өнүгүү планына толуктоо киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясынын №17/1Токтому менен бекитилген Дөбөлү айыл аймагынын 2024-2029-жылдарга стратегиялык-экономикалык өнүгүү планын карап чыгып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын 2024-2029-жылдарга стратегиялык экономикалык өнүгүү планына кошумча толуктоолор киргизилсин. (тиркеме тиркелет)
- Дөбөлү айыл аймагынын 2024-2029-жылдарга стратегиялык экономикалык өнүгүү планынын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага Б.Шералиев
“БЕКИТИЛДИ”
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
XXIX-чакырылышынын 2025-жылдын 14-январындагы
кезексиз 3-сессиясынын №3/1 Токтому
2024-2029-жж Дөбөлү айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү мерчемине кошумча иш-чаралар
№ | Сунушталуучу чаралар/аракеттер | Ишке ашырылуу мөөнөттөрү | Күтүлгөн натыйжалар | Аткаруучулар | Керектелүүчү акча каражаттары (болжолдуу) | Сунушталган каржылоо булактары | |
Кыска мөөнөттүү мезгил 2025-2026-ж.ж.
|
Узак мөөнөттүү мезгил 2027-2029-ж.ж. | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1. | Аймактын суу чарбасынын/ирригация системасынын бардык инфраструктурасына толук инвентаризация жүргүзүү, алардын учурдагы абалын аныктоо жана суу чарбасын/ирригация системасын кыска мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк өнүктүрүү планын иштеп чыгуу. | 2025-жыл | – Суу чарбасынын/ирригация системасынын бардык инфрастуруктурасына инвентаризация жүргүзүлдү;
– Суу чарбасынын/ирригация системасынын секторунун учурдагы абалы жана көйгөйлөрү аныкталды; – Суу чарбасынын/ирригация системасын өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк өнүктүрүү планы иштелип чыкты |
ЖӨБО
РСЧБ, РМА А/Ө жана МИ |
Болжол менен
500 мин. сом |
РСЧБ (МВСХПП), РМА жана А/Ө, жаңы уюштурулган айыл аймактары АВП каражаттарынын эсебинен | |
2. | Чоң Алыш каналын ремонттук-кайра калыбына келтирүү иштерин (кеңейтүү, модернизациялоо, бетондоо) жүргүзүү. | Каналдын башына сооружение куруу, | Каналды тазалоо иштерин жүргүзүү, акведукту ремонттоо | – Алгачкы сооружение куруу иштери аткарылды.
– Айыл чарба жерлеринде жерди айдоо аянттары кеңейтилди жана сугаруу жакшыртылды; – 5 %дан 15%га чейин жылдык сугат суунун текке кетүүсү азайды. |
РСЧБ,
РМА, А/Ө жана МИ
|
2025-2026 жж – 5,0 млн. Сомго жакын
2027-2029 жж – 5,0 млн. сомго чейин |
РСЧБ (МВСХПП),
Республикалык бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) |
3. | Дөбөлү айыл аймагынын каналдарына приоритеттүү тартипте чара колдонууну талап кылган участоктордо ремонттук-кайра калыбына келтирүү иштерин (кеңейтүү, модернизациялоо, бетондоо) жүргүзүү. | Биринчи кезектеги участоктордо 20-30, км чейинки чарба аралык каналдарда ремонттук-кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү | Экинчи кезектеги участоктордо 30,0-60,0 км чейинки чарба аралык каналдарда ремонттук-кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү. | – Айыл аймактын балансындагы алгачкы жана экинчи кезектеги тилкелерде ички чарбалык каналдарда оңдоо-калыбына келтирүү иштери аткарылды;
– Айыл чарба жерлеринде жерди айдоо аянттары кеңейтилди жана сугаруу жакшыртылды; – 10%дан 20%га чейин жылдык сугат суунун текке кетүүсү азайды. |
РСЧБ,
РМА, А/Ө, МИ жана |
2025-2026 жж – 10,0 млн сомго жакын
2027-2029 жж – болжолдуу 50,0 млн. сом |
РСЧБ,
Республикалык бюджет, А/Ө бюджети, СПАнын каражаттарынын эсебинен
|
4. | Таш-Башат айылындагы Кайыңды каналына БСР куруу жана ишке киргизүү
|
БСР курууну баштоо | БСР курууну аяктоо | Сыйымдуулугу 0,5 млн. м³ болгон БСР эксплуатацияга берилди;
– 5000 – 1000 га айыл чарба жерлеринин суу жеткирүү аянттары кеңейтилди жана сугаруу иштери жакшыртылды; – Айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу ресурстарын рационалдуу жана үнөмдүү пайдалануу; – Сугат сууларынын жыл сайынкы жоготуулары 10%дан 15%га чейин азайтылды. |
РСЧБ /РМА / А/Ө, МИ | 2025-2026 ж.ж. – болжол менен 50,0 млн. сом
2027-2029 ж.ж. – болжол менен 50,0 млн. сом |
РСЧБ (МВСХПП),
Республикалык бюджет жана А/Ө бюджети, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) |
5. | Дыйкан (фермердик) чарбаларга алардын өз жерлерине суу жеткирүүнүн тамчылатма, дискреттүү жана чачыратма, жамгыр сыяктуу, гидропондук ыкма менен сугаруунун системаларын ишке киргизиши үчүн мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү
|
20-40 дыйкан (фермердик) чарбасына суу жеткирүүнүн тамчылатма, дискреттүү жана чачыратма, жамгыр сыяктуу, гидропондук ыкма менен сугаруунун системаларын ишке киргизиши үчүн мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү | 40-60 дыйкан (фермердик) чарбасына суу жеткирүүнүн тамчылатма, дискреттүү жана чачыратма, жамгыр сыяктуу, гидропондук ыкма менен сугаруунун системаларын ишке киргизиши үчүн мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү | – 100 дыйкан (фермердик) чарбасы Мамлекеттен колдоо алышып, анын ичинде жеңилдетилген насыя алуу аркылуу өз жерлерине суу жеткирүүнүн тамчылатма, дискреттүү жана чачыратма, жамгыр сыяктуу, гидропондук ыкма менен сугаруунун системаларын ишке киргизишти;
– Айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу ресурстарын рационалдуу жана үнөмдүү пайдалануу; – Дыйкан (фермердик) чарбалары үчүн климаттык тобокелдиктердин таасирин азайтуу |
РМА / ЖӨБО | 10,0-20,0
млн. сомго чейин |
Республикалык бюджет, анын ичинде, агроөнөржай комплексине жеңилдетилген насыя берүү каражаттарынын эсебинен жана А/Ө бюджети, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) |
6. | Инвесторлор үчүн сапаттуу долбоорлорду даярдоо аркылуу райондун айыл чарбасына чет өлкөлүк, жеке жана башка инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алуу. | Аймактын айыл чарбасына чет өлкөлүк, жеке жана башка инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алуу. | Аймактын айыл чарбасына чет өлкөлүк, жеке жана башка инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алуу. | Инвесторлор үчүн сапаттуу долбоорлорду даярдоо аркылуу 2029-жылга чейин
райондун айыл чарбасына чет өлкөлүк, жеке жана башка инвестициялардын көлөмүн үч эседен кем эмес жогорулатууга жетишилди. |
РМА , А/О | Кошумча каржылоону талап кылбайт | Кошумча каржылоону талап кылбайт |
7. | Жашыл чечимдерди, жашыл биотехнологияларды, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча технологияларды, жасалма интеллектти жана башка заманбап технологияларды, анын ичинде ийне жалбырактуу дарактарды жана бадалдарды сел коркунучу бар жантайма жерлерге, суу каптоочу жерлердеги токойлорго, токой тилкелерине, жайыт жерлерине, ошондой эле сел жана ташкын коркунучтары бар дарыялардын жээктерине ж.б. жерлерге отургузуу чараларды ишке киргизүү.
|
Ийне жалбырактуу дарактарды жана бадалдарды, башка бак-дарактарды отургузуу аркылуу климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу багытындагы жашыл чечимдерди ишке киргизүү | Ийне жалбырактуу дарактарды жана бадалдарды, башка бак-дарактарды отургузуу аркылуу климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу багытындагы жашыл чечимдерди ишке киргизүү | Жашыл чечимдерди, жашыл биотехнологияларды, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча технологияларды, жасалма интеллектти жана башка заманбап технологияларды, анын ичинде жыл сайын 2-3 га чейинки аянтка ийне жалбырактуу дарактарды жана бадалдарды сел коркунучу бар жантайма жерлерге, суу каптоочу жерлердеги токойлорго, токой тилкелерине, жайыт жерлерине, ошондой эле сел жана ташкын коркунучтары бар дарыялардын жээктерине ж.б. жерлерге отургузуу боюнча чаралар ишке киргизилүүдө. | РМА , А/О | 1,0-3,0
млн. сомго чейин |
Республикалык бюджет, (МВСХПП и ӨКМ), агроөнөржай комплексине жеңилдетилген насыя берүү каражаттарынын эсебинен, А/Ө бюджети, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча)
|
8. | Мал чарбачылыгын 2024-2029-жылдарга карата өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында дыйкан (фермердик) чарбаларга асыл тукум малды жана тукум материалдарын сатып алуу, айыл чарба малдарынын асыл тукум түзүмүн жаңыртуу үчүн дотациялык каражаттарды бөлүп берүү | Айыл чарба малдарынын асыл тукум түзүмүн жаңыртуу үчүн дотациялык каражаттарды жыл сайын бөлүп берүү | Айыл чарба малдарынын асыл тукум түзүмүн жаңыртуу үчүн дотациялык каражаттарды жыл сайын бөлүп берүү | – Мал чарбачылыгын 2024-2029-жылдарга карата өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында айыл аймактын дыйкан (фермердик) чарбаларга асыл тукум малды, жана тукум материалдарын сатып алуу, айыл чарба малдарынын асыл тукум түзүмүн жаңыртуу үчүн жыл сайын дотациялык каражаттарды бөлүнүп берилүүдө;
– Породасыз жана аз продуктивдүү малдын санынын азайышы; – Малдын продуктивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар ишке ашырылды |
РМА , А/О | 5,0-10,0
млн. сомго чейин |
Республикалык бюджет, (МВСХПП), агроөнөржай комплексине жеңилдетилген насыя берүү каражаттарынын эсебинен,
өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) |
9. | Өзгөчө калктын аярлуу катмарына жана аз камсыз болгон фермерлерге тийиштүү болгон мал жандыктарынын катуу кыштын, калың түшкөн кардын жана ызгардын терс таасиринен ачка калуусуна жана зыян болуп кетүүсүнө жол бербөө максатында айыл аймакта тоюттун жана жем азыктарынын өзгөчө корун түзүү
|
Өзгөчө калктын аярлуу катмарына жана аз камсыз болгон фермерлерге тийиштүү болгон мал жандыктарынын катуу кыштын, калың түшкөн кардын жана ызгардын терс таасиринен ачка калуусуна жана зыян болуп кетүүсүнө жол бербөө максатында тоюттун жана жем азыктарынын өзгөчө корун түзүү
|
Өзгөчө калктын аярлуу катмарына жана аз камсыз болгон фермерлерге тийиштүү болгон мал жандыктарынын катуу кыштын, калың түшкөн кардын жана ызгардын терс таасиринен ачка калуусуна жана зыян болуп кетүүсүнө жол бербөө максатында тоюттун жана жем азыктарынын өзгөчө корун түзүү
|
Калктын аярлуу катмарына жана аз камсыз болгон фермерлерге тийиштүү болгон мал жандыктарынын катуу кыштын, калың түшкөн кардын жана ызгардын терс таасиринен ачка калуусуна жана зыян болуп кетүүсүнө жол бербөө а айыл аймакта ар жыл сайын тоюттун (болжолдуу 10,0 тн) жана жем азыктарынын (болжолдуу 10,0 тн) өзгөчө корун түзүү боюнча чаралар жүзөгө ашырылат
|
РМА / ЖӨБО | Жыл сайын 1 айыл аймакка каралган эсебинде 0,5 млн сомдон 1,0 млн. сомго чейин | А/Ө бюджети, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) |
10. | 2024-2029-жылдарга карата КР жайыттарын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде малды жазгы жайыт жерлерине чыгарууга жыл сайынкы чектөөлөрдү киргизүү аркылуу климаттын өзгөрүүсүнүн шарттарында жайыт жерлерин туруктуу башкарууну камсыз кылуу жана алардын продуктивдүүлүгүн жогорулатуу. | 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде малды жазгы жайыт жерлерине чыгарууну жыл сайын чектөө боюнча чараларды киргизүү жана алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу. | 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде малды жазгы жайыт жерлерине чыгарууну жыл сайын чектөө боюнча чараларды киргизүү жана алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу. | – 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде малды жазгы жайыт жерлерине чыгарууну жыл сайын чектөө боюнча чараларды киргизилди жана алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө камсыз кылынды;
– Жазгы жайыт жерлерин туруктуу башкаруу камсыз кылынды жана климаттын өзгөрүүсүнүн шарттарында алардын продуктивдүүлүгү жакшыртылды жана жогорулатылды; – Жазгы жайыт жерлеринин деградациясынын деңгээли төмөндөтүлдү; – Малды жайытка чыгаруунун чектен ашкан жана жөнгө салынбаган учурларына жол бербөө боюнча чаралар ишке ашырылды. |
РМА , А/О жана МИ | Кошумча каржылоону талап кылбайт | Кошумча каржылоону талап кылбайт |
11. | 2024-2029-жылдарга карата КР жайыттарын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында жайыт жерлерин ротациялык пайдалануу практикасын, анын ичинде деградация болгон жана аз продуктивдүү жайыттарды консервациялоо аркылуу ишке киргизүү
|
Жайыт жерлерин ротациялык пайдаланууну практикага киргизүү
|
Жайыт жерлерин ротациялык пайдаланууну практикага киргизүү
|
-Жайыт жерлерин ротациялык пайдалануу, анын ичинде деградация болгон жана аз продуктивдүү жайыттарды консервациялоо аркылуу практикага киргизилди;
– Деградация болгон жана аз продуктивдүү жайыттардын продуктивдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча ыңгайлаштыруу чаралары кабыл алынды. |
РМА , А/О жана МИ | Кошумча каржылоону талап кылбайт | Кошумча каржылоону талап кылбайт |
12. | Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо кампаниясын (Жашыл Мурас) ишке ашыруунун алкагында волонтерлорду, студенттерди жана мектеп окуучуларын, айыл аймактарынын жергиликтүү калкын тартуу аркылуу токой өстүрүү аймактарын көбөйтүү боюнча чараларды ишке ашыруу. | Токой өстүрүү аймактарын 5-10 га чейин кеңейтүү боюнча чараларды ишке ашыруу | Токой өстүрүү аймактарын 10-20 га чейин кеңейтүү боюнча чараларды ишке ашыруу | – Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо кампаниясын (Жашыл Мурас) ишке ашыруунун алкагында аймакта токой өстүрүү аймактары 20 – 30 га чейин көбөйдү;
– Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана аларга ыңгайлашуу максатында токойлордун экосистемалык функцияларын күчөтүү; – Табигый-климаттык мүнөздөгү кырсыктардан, анын ичинде селдерден, ташкындардан коргоону, шамалдын ылдамдыгын төмөндөтүүнү, эрозиядан, чаң бороондорунан, ысык абанын жана кургакчылыктын толкундарынын кесепеттеринен коргоону күчөтүү; |
РМА
ЖӨБО |
1,0-5,0
млн. сомго чейин |
Республикалык бюджет (Жашыл Мурас кампаниясынын атайы эсеби) жана А/Ө бюджети, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) |
13. | Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө (өсүмдүк өстүрүүчүлүк (түшүмдү жоготуу), айыл чарба өсүмдүктөрү, анын ичинде көп жылдык өсүмдүктөр) табигый-климаттык мүнөздөгү кырсыктардын тобокелдигинен камсыздандыруу механизмдерин ишке киргизүү | Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө табигый-климаттык мүнөздөгү кырсыктардын тобокелдигинен камсыздандыруу механизмдерин ишке киргизүү | Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө табигый-климаттык мүнөздөгү кырсыктардын тобокелдигинен камсыздандыруу механизмдерин ишке киргизүү | – Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө (өсүмдүк өстүрүүчүлүк (түшүмдү жоготуу), айыл чарба өсүмдүктөрү, анын ичинде көп жылдык өсүмдүктөр) табигый-климаттык мүнөздөгү кырсыктардын тобокелдигинен камсыздандыруу механизмдерин этаптуу ишке киргизүү;
– Жыл сайын 40тан 60ка чейинки дыйкан (фермердик) чарбалар өсүмдүк өстүрүүчүлүктө табигый-климаттык мүнөздөгү кырсыктардын тобокелдигинен камсыздандырууга тартылды; – Дыйкан (фермердик) чарбалары үчүн табигый-климаттык тобокелдиктердин таасири азайтылды. |
РМА, А/Ө, Камсыздандыруу компаниялары | Кошумча каржылоону талап кылбайт | Кошумча каржылоону талап кылбайт |
14. | Мал чарбачылыгында (айыл чарба малдары) табигый-климаттык тобокелдиктерден камсыздандыруу механизмдерин ишке киргизүү | Мал чарбачылыгында (айыл чарба малдары) табигый-климаттык тобокелдиктерден камсыздандыруу механизмдерин ишке киргизүү) | Мал чарбачылыгында (айыл чарба малдары) табигый-климаттык тобокелдиктерден камсыздандыруу механизмдерин ишке киргизүү | – Мал чарбачылыгында (айыл чарба малдары) табигый-климаттык тобокелдиктерден камсыздандыруу механизмдерин этаптуу ишке киргизүү;
– Жыл сайын 40тан 60ка чейинки дыйкан (фермердик) чарбалар мал чарбачылыгында (айыл чарба малдары) табигый-климаттык тобокелдиктерден камсыздандырууга тартылды; – Дыйкан (фермердик) чарбалары үчүн табигый-климаттык тобокелдиктердин таасири азайтылды. |
РМА, А/Ө, Камсыздандыруу компаниялары | Кошумча каржылоону талап кылбайт | Кошумча каржылоону талап кылбайт |
15. | ӨКМ КР капиталдык курулуш планында каралган потенциалдуу кооптуу участоктордо өзгөчө кырдаалдардан коргоонун биринчи кезектеги алдын алуу жана коргоо иш-чараларын өткөрүү. | Жыл сайын 1 потенциалдуу кооптуу участокто (объектте) алдын алуу жана коргоо иш-чараларын өткөрүү. | Жыл сайын 1 потенциалдуу кооптуу участокто (объектте) алдын алуу жана коргоо иш-чараларын өткөрүү. | -Капиталдык курулуш линиясы боюнча 2 потенциалдуу кооптуу участокто (объектте) өзгөчө кырдаалдардан (ӨК) коргоонун биринчи кезектеги алдын алуу жана коргоо иш-чаралары өткөрүлдү;
-Кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү, калкты жана аймакты потенциалдуу-кооптуу участокторду (объекттерди), анын ичинде айыл чарбасына дайындалган участокторду (объекттерди) өзгөчө кырдаалдардан (ӨК) коргоо; |
ӨКМ КР, макулдашуу боюнча А/Өжана РМА | 1,0-3,0
млн. сомго чейин |
Республикалык бюджет (ӨКМ КР), өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) |
16. | ӨКМ КР Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш чараларынын пландарында (ААжКЖИ) каралган потенциалдуу кооптуу участоктордо (объекттерде) атайын алдын алуу жана ликвидациялоо иш чараларын өткөрүү. | Жыл сайын 1 -2 потенциалдуу кооптуу участоктордо (объекттерде) атайын алдын алуу жана ликвидациялоо иш чараларын өткөрүү. | Жыл сайын 1,2 потенциалдуу кооптуу участоктордо (объекттерде) атайын алдын алуу жана ликвидациялоо иш чараларын өткөрүү. | – Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш чараларынын пландарында (ААжКЖ) каралган 5-6 потенциалдуу кооптуу участоктордо (объекттерде) атайын алдын алуу жана ликвидациялоо иш чаралары өткөрүлдү;
– 5-6 потенциалдуу-кооптуу участоктордо (объекттерде), анын ичинде ААжКЖИ пландарында каралган айыл чарбасына дайындалган участоктордо (объекттерде) кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү, калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан (ӨК) коргоо; |
РМА, А/Ө, КР ӨКМ техникалык колдоосу алдында | 1,0 ден 3,0
млн. сомго чейин |
Республикалык бюджет (ӨКМ КР) и А/Ө бюджети, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) |
17. | Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу линиясы боюнча ӨК туш болгон участоктордо (объекттерде) авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү. | Жыл сайын ӨК кесепеттерине туш болгон участоктордо (объекттерде) авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү. | Жыл сайын ӨК кесепеттерине туш болгон участоктордо (объекттерде) авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү. | – Жыл сайын ӨК кесепеттерине туш болгон 1-2 участоктордо (объекттерде), анын ичинде айыл чарбасына дайындалган участоктордо (объекттерде) авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү;
– ӨК кесепеттерине туш болгон селден коргоочу курулмалар, дамбалар, автомобиль жолдору, көпүрөлөр, айыл чарбаларынын, суу жана токой чарбаларынын объекттери калыбына келтирилди. |
РМА, А/Ө, КР ӨКМ техникалык колдоосу алдында | 2,0-5,0
млн. сомго чейин |
Республикалык бюджет (ӨКМ КР) жана А/Ө бюджети, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) |
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы: К.Кудайбергенов