10-декабрь 2024-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын
№2/6 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы айыл чарба багытындагы сугат жер аянтын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы айыл чарба багытындагы сугат жер аянтын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу максатында Дөбөлү айыл өкмөтүнун жер адиси С. Сапарбек уулунун баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы айыл чарба багытындагы сугат жер аянтын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп алынсын.
- Тиешелүү документтери менен иш алып баруу жагы Алыш айылынын айыл башчысы М. Нуркалиев менен Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Сапарбек уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев