Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата Дөбөлү айылдык Кеңешинде шайлоо округдарын түзүү жана мандаттардын санын бекитүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берүү жөнүндө

 

28-август  2024-жыл                                                                                                                                                                    Дөбөлү  айылы

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 24-сессиясынын

    №24/6 Токтому

 

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата  Дөбөлү  айылдык Кеңешинде шайлоо

округдарын түзүү жана мандаттардын санын  

бекитүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренеси жана 59-беренесинин 1-пунктусу,         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңеши боюнча жалпы 21 мандаттан турган, анын ичинен 8 мандат аялдарга бөлүнгөн квота боюнча, төмөндөгүдөй калтырылсын.

 

№1 Эки-Нарын шайлоо округу (УШК №4028), мандаттын саны 3 анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв

Дареги: Эки-Нарын айылы Орозалиев Абдыжапар көч. №3.

Борбору: М. Мамбетов атындагы орто мектеби

Чек арасы: Эки-Нарын айылы Шералы Көкөтаев, Абдыжапар Орозалиев, Тенти Окенов, Жакай Курманалиев, Омур уулу Жусупбек, Жакшылыков Садыр көчөлөрү, айланасындагы кыштоо, сарайлар кирет. Ошондой эле Тамды-Суу айылындагы О. Алиев көчөсү толук, кыштоо сарайлар кирет.

Шайлоочулардын саны: 504.

 

№2 Таш-Башат шайлоо округу (УШК №4029), мандаттын саны  5 анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв

Дареги: Таш-Башат айылы А. Өскөнбаев көч. №2

Барбору: А. Турсунбаев атындагы маданият үйү.

Чек арасы: Таш-Башат айылы Дүйшөнаалы Кененбаев, Турдалы Чарыков, Акмат Өскөнбаев, Арча-Бешик, Бакас Төлөев, Кыдык Байгазиев, Мука Касмакунов, Дүйшө Мамбетов көчөлөрү, айланасындагы сарайлар кирет.

Шайлоочулардын саны: 1091.

 

№3 Кайыңды шайлоо округу (УШК №4164), мандаттын саны 2 анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв.

Дареги: Кайыңды айылы Ө. Тезекбаев көч. №1/а.

Борбору: М. Кенжакунов атындагы орто мектеби.

Чек арасы: Кайыңды айылы Султангазы Кененбаев, Жумакадыр Муңайтпасов, Досалы Токторбаев, Өмүрбек Тезекбаев, Токтогул Байгазиев көчөлөрү жана айланасындагы сарайлар кирет.

Шайлоочулардын саны 402.

 

№4 Дөбөлү шайлоо округу (УШК №4030), мандаттын саны 6 анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв

Дареги: Дөбөлү айылы М. Боромбаев көч. №36

Борбору: Дөбөлү айыл өкмөтү.

Чек арасы: Дөбөлү айылы толук анын ичинен Жума Кысамединов, Муканбет Боромбаев, Абдраман Аракеев, Мукаш Сатыбалдиев, Өмүр Токтосунов, Батипа Абдыканова, Төлөгөн Молдоканов, Жаштык, Кабак көчөлөрү жана Ак-Там участкасындагы шайлоочулар кирет.

Шайлоочулардын саны: 1215

 

№5 Алыш шайлоо округу (УШК №4031), мандаттын саны 2 анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв

Дареги: Алыш айылы Ыбрай Эсенаманов көч. №56

Борбору: Алыш орто мектеби

Чек арасы: Алыш айылы толук анын ичинде Чыныбек Алымбаев, Ыбрай Эсенаманов, Тагай Аргынбаев көчөлөрү кирет.

Шайлоочулардын саны: 399

 

№6 Кеңеш шайлоо округу (УШК №4032), мандаттын саны 3 анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв

Дареги: Кеңеш айылы Аэропорт көч. №2/а.

Борбору: К. Абиров атындагы орто мектеби

Чек арасы: Кеңеш айылы толук кирет анын ичинен Эсек Усубалиев, Бейшенаалы Курманов, Аэропорт көчөлөрү кирет.

Шайлоочулардын саны: 531.   

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

 

      Төрага                                                                                                                                                                               К. Субанбеков

 

Leave a Reply