2. 2024-жылдын 4-апрелиндеги Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылыштагы кезектүү 19-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагында жазгы талаачылык иштерин иштөөдөгү техникалардын жана малчылардын жайкы бакчу малдарынын бааларын бекитүү жөнүндөгү №19/1 токтому

4-апрель  2024-жыл                                                                                                                                                                  Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 19-сессиясынын

    №19/1    Токтому

                                               Дөбөлү  айыл   аймагында жазгы талаачылык иштерин иштөөдөгү техникалардын                                                 жана малчылардын жайкы бакчу малдарынын бааларын бекитүү жөнүндө

 

Дөбөлү  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын  11-15-мартындагы Эки-Нарын, Таш-Башат, Кайыңды, Кеңеш,  Алыш, Дөбөлү, Тамды-Суу айылдарынын жашоочуларынын №4, №5, №6, №7, №8 протоколдорунун  негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесинин 2-пунктуна  ылайык Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  кенешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагында жазгы айдап себүү, күзгү оруп жыйноо иштери төмөндөгү баада бир гектар жер аянтына бекитилсин.

-дын жерди айдоо ДТ-75             1200 (бир миң эки жүз) сом, 25 литр солярка

-аныз жерди айдоо

дөңгөлөктүү трактор                    1100 (бир миң бир жүз) сом, 22 литр солярка

-тырмоо                                           700 (жети жүз) сом, 10 литр солярка

-себүү  сеялка менен                      1000 (бир миң) сом, 10 литр солярка

-шакап салуу                                  150 (жүз элүү) сом, 4 литр солярка

-чөп чабуу косилка менен                        1000 (миң) сом, 10 литр солярка

-чөп чабуу жатка менен              1300 (бир миң үч жүз) сом, 10 литр солярка

-тырмоо                                           700 (жети жүз) сом, 7 литр солярка

-чөп тартуу жакын аралыкка       500 (беш жүз) сом 5 литр солярка же бензин

-чоп пресстөө (бир пресс үчүн)   13  (он үч) сом, 10 литр солярка

-дан эгинин чаптыруу                    2500 (эки миң беш жүз) сом, соляркасы ичинде

жаңы комбайн, эски комбайн былтыркы баа менен калтырылат.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагында мал бактыруу төмөндөгүдөй баада бекитилсин.

 

майда жандык (кой, эчки) бир башка 60 (алтымыш) сом.

-бодо мал башына 300 (үч жүз) сом.

-кочкор, тэке  багууга  300 (үч жүз) сом.

-карышкыр жесе, жоголсо эн тамгасын көрсөтө албаса баккан адам ордун  мал ээсине төлөп берет, карышкыр жеп, өлүп калса малдын башын мал ээсине көрсөтсө төлөбөйт.

  1. «Ак-Бел» МИнын төрт тармак боюнча жана башка тарифтери төмөндөгүдөй баада бекитилсин.

-сугат суусу үчүн огород 100 (жүз) сом, үлүш, аренда жерлеринин ар бир гектарына 1 жылга 200 (эки жүз) сом.

-ичүүчү таза сууну пайдаландыгы үчүн жан башына айына 30 (отуз) сом

-тазалыкка ар бир түтүнгө айына 100 (жүз) сом

-таштандыны белгиленген жерге (полигон) төгүлбөсө, айыл ичин булганычка алып келген тургундарга чара колдонулат штраф 1000 (миң) сом.

-жайыт акысы 1 жылга майда жандыкка 20 (жыйырма) сом, бодого жылкы, уй, топоз 100 (жүз) сом.

-жайыт тилкесине  тиешелүү болгон чабынды жерлерди калктын пайдалануусуна 2 га бөлүп берүү

-жайыт тилкесинин чабынды жерлердин төлөө акысы Тамды-Суу-Орук-Там 1000 (миң) сом, айыл аймагына 1500 (бир миң беш жүз) сом.

-мончо иштеткендер  айына                   300 (үч жүз) сом.

-карьерден инерттик материалдарды алуу боюнча бир Камаз кум 200 (эки жүз) сом, шагыл 250 (эки жүз элүү) сом, топо 150 ( жүз элүү) сом.

-туристик зоналар боюнча келишим бир жылга түзүлөт, субарендага берилбейт

1 боз үйгө  3000 (үч миң) сом. (сезонго)

-беседка (тапчан) сезонго 3000 (үч миң) сом.

-өзүм билемдик менен суу түтүгүнөн кошуп алууга мыйзам чегинде штраф салуу 3000 (үч миң) сом.

-таза сууну пайдаланууда шланг менен сугат ж.б иштерине пайдаланса штраф 3000 (үч миң) сом.

 

  1. «Ак-Бел» МИ жетекчиси Ж. Султановго  айыл аймагындагы  малчыларды чоочун жактын малын алууга жол берилсе баасын эки эселенип төлөтсүн, малга бекитилген бааларды контролдоого  көзөмөл жүргүзсүн. Айыл аймагындагы  малчылар отурукташкан жайыттардагы топоздорду алыскы жайытка чыгаруу жагы милдеттендирилсин.
  2. Жайыт жерлерин тосуп алууга жол бербөө, тосмолорун алдыруу.
  3. Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш, Алыш, Дөбөлү айылдарында  15-апрелинен, ал эми Кайыңды, Таш-Башат, Эки-Нарын, Тамды-Суу айылдарында 25-апрелинен баштап корук иштери башталсын.
  4. 15-апрелден баштап жаздоолорго көчүү, жайлоолорго 25-майдан 1-июнга чейин  көчүп кетүүсүн, ал эми ички жайытка отурган учурда 20-майга чейин сырткы жайытка көчүрүлсүн. Күз  мезгилинде 1-октябрдан баштап айыл аймакка көчүп келүүсүн тыкыр көзөмөлгө алуу жагы «Ак-Бел» МИ жетекчиси Ж. Султановго  милдеттендирилсин.
  5. Мыйзам бузган учурларда “Бузуулар кодекси” менен административдик айып салынаары эскертилсин.
  6. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго жана «Ак-Бел» МИ жетекчиси Ж. Султановго Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган айыл чарба техникаларын чогултуу жагы  милдеттендирилсин.
  7. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айылдык кеңешинин жоопту катчысы                        Т. Асанкожоевге  милдеттендирилсин.
  8. Бул токтомдун  аткарылышын  Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы К. Кудайбергеновго  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                   К. Субанбеков

Leave a Reply