28-февраль 2024-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 16-сессиясынын №16/1 Токтому Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин жана атайын каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

28-февраль  2024-жыл                                                                                                                                                     Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 16-сессиясынын

    №16/1 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин жана атайын каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү  жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2024-жылдагы  бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү боюнча  Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы    К. Усуповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын   16-кезектүү сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджеттинин аткарылышы боюнча отчетту  жактырылсын.

 

  1. Дөбөлү айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн  2024- жылга бюджеттин киреше бөлүгү 21422,6 сомго жана чыгаша бөлүгү 21422,6   сомго бекитилсин. АУП ка 25  штат бирдиги жана маданият бөлүмүнө 21 штаттык бирдик бекитилсин.

Мунун ичинен:

-Тендештирилген грант                  9366,0 сом

-Жергиликтуу кирешелер               21422,6 сом

Жалпы баары      30788,6 сом   чыгышталсын.

 

 

Жергиликтүү  кирешелердин бөлүнүшү:

 

Мазмууну сумма
1 Кыймылсыз мүлк 30,8
2 Транспорт салыгы 478,6
3 Огород салыгы 135,3
4 Үлүш 0
5 Мамлекеттик Фонддун  жери 487,9
6 Тазалык жыйымы 24,2
7 Патент 319,0
8 Киреше салыгы 13386,0
9 Айыл чарба багытындагы  эмес жерге салык 628,4
10 Лицензия ( недр) 495,0
11 Атайын каражат 1566,5
12 Калктуу пункттарда жерди ижарага алуу акысы 24,0
13 Жайыттан  түшүүчү киреше 1556,9
14 Муниципалдык ишкана 2290,0
15 Тендештирилген грант 9366,0
Баары      30788,6  мин  сом   кириштелсин  

 

Жергиликтүү  бюджеттин  чыгаша  бөлүгү

 

АУП ка
1 Эмгек акыга 15743,9
2 Соц фондго 2117,9
3 Байланыш кызмат 53,2
4 Транспорт чыгым ( бензин) 211,2
5 Ар кандай чыгым 337,9
6 Учурдагы чарбалык максаттар 150,0
  Баары:18614,1  мин сом

 

Жайыт
6 Башка кызмат көрсөтүү акысы 1556,9
  Баары:  1556,9 сом

 

Айылдык  маданиятына
7 Эмгек акыга 5629,7
8 Соц фондго 971,1
9
  Баары:  6600,8 мин сом

 

 

Мектептер
10 Мектептердин транспорт чыгым (ДТ) 160,3
  Баары    160,3 мин  сом

 

 

Бала бакчаларга
11 Атайын каражат 1566,5
  Баары    1566,5 мин  сом

 

                               

Муниципалдык ишкана
12 Башка кызмат көрсөтүү акысы 2290,0
  Баары:  2290,0 сом
  Жалпы бардык чыгым:30788,6

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасы 2025-жылга -23468,3; 2026-жылга 25706,3 миң сом суммасында жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
  2. Айыл аймагындагы бала бакчалардан ата-энелерден алынуучу төлөм ар бир айдын 5-чи числосунан кечиктирбестен ошол ай үчүн толук төгүп туруу жана 310  баланы толук кабыл алуу бала бакчалардын башчылары (Н. Абдраева, Д.Сманбаева, Н.Абдрахманова  А.Жанекова, К. Малаева, Г. Ишеналиева, А. Өмүралиева)  милдеттендирилсин  жана  акча каражаты өз убагында төкпөсө чара көрүлсүн.
  3. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси салыктын түрлөрү боюнча жайыт салыгы, жайыт акыны өз мөөнөтүндө түшүрүү жагы                                    А. Нурмуканбетовага   милдеттендирилсин.
  4. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын тиешелүү жерлерге которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
  5. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылкы бюджет тартыштыгына байланыштуу төмөндөгү беренелерге акча каражаты  Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен кошумча акча каражаты суралсын,  жетишсиз сапар чыгымдарына, коммуналдык кызмат, транспорт чыгым, башка чыгым,  кызмат көрсөтүү үчүн, дары дармек, тамак-ашка 1004,4 миң сом, көмүргө 4505,0 миң сом  сатып алууга, жабдууларды сатып алууга, имараттарды оңдоп-түзөө,  өздук салымга, социалдык  обьектилердин жылытуу системаларын оңдоого, материалдык запастарды сатып алууга, ушул беренелерге ылайык 5509,4  миллион  сом акча каражаты  Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен кошумча акча каражаты суралсын.
  6. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы  Ж. Касымова  милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы К. Усуповго  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                              К. Субанбеков

 

 

Leave a Reply