22-февраль 2024-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 15 -сессиясынын №15/1Токтому Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылындагы “ Жал-Арык” участкасынын № 593 контурундагы 4,0 га жер аянтын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө

22-февраль 2024-жыл                                                                                                                                                        Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 15 -сессиясынын

№15/1Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын Эки-Нарын айылындагы “ Жал-Арык” участкасынын № 593 контурундагы 4,0 га жер аянтын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесинин 8 пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145 Мыйзамынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Жобого жана Нарын райондук жер участокторун которуу (трансформациялоо) маселелерин  кароо боюнча комиссиянын 2024-жылдын 20- февралындагы №2 чечиминин 2024-жылдын 21-февралындагы №59 б буйругунун негизинде токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагына караштуу Эки-Нарын айылынын “Жал-Арык”участкасынын №593 контурдагы Калктуу конуштун жерлери категориясындагы  4,0 га жер аянтын, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп алынсын.

 

  1. Ушул токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповко милдеттендирилсин.

 

 

  1. Ушул токтомду каттоодон өткөрүп, gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                   К. Субанбеков

 

 

Leave a Reply