Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6- чакырылыштагы кезектүү 27 – сессиясынын № 6 Т О К Т О М У

«28»  02.  2023 – жыл                                                                                         Таш-Башат айылы

 

Орток  айыл  аймагынын айылдык  кенешинин  6- чакырылыштагы

  кезектүү  27 – сессиясынын

№ 6  Т О К Т О М У

 «Орток айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо» эрежени бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, Орток айыл аймагынын территориясын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларды эффективдүү уюштуруу максатында Орток айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  6  чакырылышынын 27 кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана Орток айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Океновдун «Орток айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо» эрежени бекитүү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
  2. «Орток айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча» эреже №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылышын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.
  5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин Агардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын падалануу, Транспорт, коммуникациялар, архитектура  жана  курулуш  жана өз алдынча башкаруу боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага К. Субанбеков

Leave a Reply