15-декабрь 2023-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясынын №11/1 Токтому Дөбөлү айыл аймагындагы Өрүк-Там (расмий тилде Орюк-Там) айылын каттоодон чыгаруу жөнүндө

15-декабрь 2023-жыл                                                                                                                                                                                     Дѳбѳлү айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин

XXVIII-чакырылышынын  кезексиз 11-сессиясынын

№11/1 Токтому

 

Дөбөлү айыл аймагындагы Өрүк-Там  (расмий тилде Орюк-Там) айылын   каттоодон чыгаруу жөнүндө

Дөбөлү (пилоттук  негиздеги административдик-аймактык реформага чейин Орток айыл аймагы) айыл аймагына караштуу Өрүк-Там өрөөнүндөгү калктуу конуш, Кыргыз Республикасынын  2020-жылдын 21-апрелиндеги “Кыргыз Респбликасынын Жалал-Абад, Нарын,Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө “ №49   Мыйзамы менен Тамды-Суу болуп аталып,  айыл  макамы алынган. Тамды-Суу айылынын жалпы аянты 19,7 гектарды түзөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетини 21.11.2023-жылдагы №01-12/1770 билдирүүсүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык жана  аймактык бирдиктердин обьектилерин белгилөө  тутуму” мамлекеттик классификаторунда, Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагындагы  (мурунку Орток айыл аймагы) Өрүк-Там, коду 41704245844020 (расмий тилде Орюк-Там )калктуу конушу      Тамды-Суу айылы   болуп 41704245844050 коду менен   жащы аталышта катталып, учурда  Дөбөлү айыл аймагында Тамды-Суу жана Өрүк-Там айылдары болуп каттоодо турат. Ошого байланыштуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 11-ноябрь 2023-жылдагы №391-б буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан тактоо жүргүзүлүп, бир эле айыл эки  башка аталышта    катталып тургандыгы аныкталып, Өрүк-Там (расмий тилде, Орюк-Там) аталышындагы айыл жок деп эсептелип, каттоодон  чыгаруу боюнча акт түзүлгөн.

Жогорудагылардын негизинде Дөбөлү айыл аймагындагы Өрүк-Там (расмий тилде Орюк-Там) айылы Тамды-Суу айылы болуп жащы катталгандыктан,   Өрүк-Там (расмий тилде Орюк-Там)  айылын мамлекеттик каттоодон чыгаруу максатында, Дөбөлү айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагындагы Өрүк-Там (расмий тилде Орюк -Там) деген аталыштагы,  41704245844020 кодунда, айыл жок деп эсептелип,      мамлекеттик каттоодон, бардык отчеттуулуктан чыгарылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тиешелүү жактарга сунуш берүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Усуповго тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ж. Касымовага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом расмий жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      К.Субанбеков

 

 

 

 

 

Leave a Reply