Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз III-сессиясынын ТОКТОМУ №3/4 Дөбөлү айылы 5-апрель 2023-жыл «Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын  кезексиз III-сессиясынын 

ТОКТОМУ №3/4

Дөбөлү айылы                                                                                                                                          5-апрель 2023-жыл 

«Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесин

түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 «Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдьш 4-апрелиндеги ПЖ №87 «Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 «Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө» токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарын жана Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III- сессиясы; 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Орток жана Дөбөлү айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.

 

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

– Мамлекеттик тилде: «Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши» ” мекемеси

– Расмий тилде: Учреждение «Айылный кенеш Доболунского айылного аймака»

Кыскартылган фирмалык аталышы:

– Мамлекеттик тилде: «Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши» м-и.

– Расмий тилде: У-е «Айылный кенеш Доболунского айылного аймака»

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.
  2. Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Дөбөлү айылы, М.Боромбаев көчөсү, №36  болуп аныкталсын.
  3. Юридикалык жактын уюштуруучусу – жергиликтүү кеңештин депутаттары.
  4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
  5. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                         К. Субанбеков

Leave a Reply