20-май 2023-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 1-сессиясынын 1/1 Токтому Бириктирилген Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

20-май 2023-жыл                                                                                                                                                                                                                Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 1-сессиясынын

1/1 Токтому

 

Бириктирилген Дөбөлү  айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

                         Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85-Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги №87-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177- Токтомун жетекчиликке алуу менен  токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85-Жарлыгына ылайык, «Орток» жана «Дөбөлү» айыл аймактары бириккендигин, катышкан 21 депутаттардын 21 ачык добушуна ээ болгондугун белгилеп, бириктирилген айыл аймактарынын Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп Субанбеков Кубанычбек Асанбекович шайланды деп эсептелинсин.
  2. Бириктирилген Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Кадырбеков Султанмурат Кадырбекович шайлангандыгы белгиленсин.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, dobolu.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                 К. Субанбеков

Leave a Reply