14-сентябрь 2022-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХVIII -чакырылышынын кезексиз 19- сессиясынын
№19/1 Токтому
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Элдик Курултайга Дөбөлү айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруп, өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» №284 Жарлыгынын негизинде, Дөбөлү айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын 19- кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» №284 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын;
- Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2022-жылдын 5-ноябрь деп белгиленсин ( №1 тиркемеге ылайык);
- Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин календардык план, иш-чараларынын пландарын жана айыл аймактарындагы делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасына ылайык иш алып барылып, сунуш кылган ченем боюнча гендердик балансты сактоо менен Дөбөлү айыл аймагынын калкынын саны 2870 болгондуктан жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 40 делегат бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагында 3 айыл болгондуктан жергиликтүү курултайдын делегаттары 3 айылдан калкынын санына жараша пропорционалдуу шайлансын. (№2 тиркемеге ылайык).
- Дөбөлү айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2022-жылдын 15-октябрынан 25-октябрына чейин деп белгиленсин. (№3 тиркемеге ылайык)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Элдик Курултайга Дөбөлү айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө жумушчу тобунун курамы бекитилсин. (№4 тиркемеге ылайык)
- Ушул токтом Дөбөлү айыл өкмөтунүн каттоосунан өткөрүлүп, «dobolu. naryn-region. kg» веб сайтка жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнун жоопту катчысы Ж. Касымовага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага С. Кадырбеков
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXVIII чакырылышынын
19- кезексиз сессиясынын 2022-жылдын
14-сентябрындагы №19/1 токтомунун
№1 тиркемеси
Дөбөлү айыл аймагында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуучулар |
1 | Дөбөлү айылы | Дөбөлү айылдык маданият үйүндө. | 05.11.2022ж саат 11:00до | Айылдык кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Катчы Ж. Касымова
Дөбөлү айыл аймагынын
айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын
19- кезексиз сессиясынын 2022-жылдын
14-ентябрындагы №19/1 токтомунун
№2 тиркеме
Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарынын саны жана квотасы
№ | Көчөлөрдүн аталыштары | Калкынын саны | 1 квотага тийиштүү калктын саны | Берилүүчү квотанын саны | Гендердик баланс 30% (аял) | |
Дөбөлү айылы | ||||||
1 | М. Сатыбалдиев
А. Аракеев |
481 | 71,75 | 7 | 5-эркек, 2-аял | |
2 | М. Боромбаев
Жаштык |
435 | 71,75 | 6 | 4-эркек, 2-аял | |
3 | Кабак
Б. Абдыканова Т. Молдаканов |
319 | 71,75 | 4 | 3-эркек, 1-аял | |
4 | Ө.Токтосунов
Ж. Кысамединов |
265 | 71,75 | 4 | 3-эркек, 1-аял | |
5 | Ак-Там
Сарайлар |
123 | 71,75 | 2 | 1-эркек, 1-аял | |
6 | 1623 | 71,75 | 23 | 16-эркек 7-аял | ||
Алыш айылы | ||||||
7 | Т. Аргымбаев
Ы. Эсенаманов |
373 | 71,75 | 5 | 3-эркек, 2-аял | |
8 | Ч. Алымбаев
Сарайлар |
158 | 71,75 | 2 | 1-эркек, 1-аял | |
531 | 71,75 | 7 | 4-эркек, 3 -аял | |||
Кенеш айылы | ||||||
9 | Э. Усубалиев | 243 | 71,75 | 3 | 2-эркек, 1-аял | |
10 | Б. Курманов | 263 | 71,75 | 4 | 3-эркек, 1-аял | |
11 | Аэропорт
сарайлар |
211 | 71,75 | 3 | 2-эркек, 1-аял | |
717 | 71,75 | 10 | 7-эркек, 3-аял | |||
Айыл аймак боюнча жалпысы: | 2870 | 71,75 | 40 делегат | 27-эркек
13-аял |
Катчы Ж. Касымова
Дөбөлү айыл аймагынын
айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын
19- кезексиз сессиясынын 2022-жылдын
14-сентябрындагы №19/1 токтомунун
№3 тиркеме
2022-жылдын 15-октябрынан 22-октябрына чейин Дөбөлү айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Чогулуш өтүүчү жер | Чогулуш өтүүчү көчөлөр | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | У. Молдоибраев үйүнүн тушунан | М. Сатыбалдиев
А. Аракеев |
15.10.2022-ж
саат 10:00 |
Айылдык кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
2 | М. Боромбаев менен
Жаштык көчөсүнүн кошулушунан |
М. Боромбаев
Жаштык |
15.10.2022-ж
саат 14:00 |
|
3 | Кабак менен
Б. Абдыканова Т. Молдаканов көчолөрүнүн кошулушунан |
Кабак
Б. Абдыканова Т. Молдаканов |
15.10.2022-ж
саат 16-00 |
|
4 | Ө.Токтосунов менен
Ж. Кысамединов көчөсүнүн кошулушунан |
Ө.Токтосунов
Ж. Кысамединов |
16.10.2022-ж
саат 10:00 |
|
5 | Актам | Ак-Там
Сарайлар |
16.10.2022-ж
саат 14:00 |
|
Алыш айылы | ||||
6 | Т. Аргымбаев менен
Ы. Эсенаманов көчөсүнүн кошулушунда |
Т. Аргымбаев
Ы. Эсенаманов |
19.10.2022-ж
саат 10-00 |
Айылдык кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Сарайлар менен
Ч. Алымбаев көчөнүн аягынан
|
Ч. Алымбаев
Сарайлар |
19.10.2022-ж
саат 14-00 |
||
Кенеш айылы | ||||
7 | Ж. Султановдун үйүнүн тушунан | Э. Усубалиев | 20.10.2022-ж
саат 10-00 |
Айылдык кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
8 | Б. Курманов
Б. Усукеевдин үйүнүн тушунан |
Б. Курманов | 20.10.2022-ж
саат 12-00 |
|
9 | Аэропорт көчөнүн аягынан | Аэрлпорт
сарайлар |
20.10.2022-ж
саат 14-00 |
Катчы Ж. Касымова
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXVIII – чакырылышынын
19- кезексиз сессиясынын 2022-жылдын
14-сентябрындагы №19/1 токтомунун
№4 тиркемеси
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Элдик Курултайга Дөбөлү айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө жумушчу тобунун курамы
№ | А.А.А | Кызматы | Жумушчу тобунун ролу | Айыл аймака жооптуу |
1 | Кадырбеков Султанмурат Кадырбекович | Айылдык кеңештин төрагасы | Төрага | Баардык |
2 | Касымова Жайнагүл Шайырбековна | Айыл өкмөтүн жооптуу катчысы | Катчы | Баардык |
3 | Абдыкадыров Адилет Абдыкадырович | Депутат | Мүчөсү | Дөбөлү айылы |
4 | Байбосунов Рахат | депутат | Мүчөсү | Алыш айылы |
5 | Мамытов Алай Бейшеналиевич | Депутат | Мүчөсү | Дөбөлү айылы |
6 | Аракеев Алишер Акылбекович | Депутат | Мүчөсү | Дөбөлү айылы |
7 | Нарынбек уулу Тыныбек | Депутат | Мүчөсү | Кенеш айылы |
8 | Турузбекова Самара | Депутат | Мүчөсү | Кенеш айылы |
9 | Жумашов Кубанычбек | Алыш айылынын тургуну | Мүчөсү | Алыш айылы |
10 | Түкбашов Нурлан | Кенеш айылынын тургуну | Мүчөсү | Кенеш айылы |
11 | Уланбек уулу Жолдошбек | Дөбөлү айылынын тургуну | Мүчөсү | Дөбөлү айылы |
Катчы Ж. Касымова