Эки-Нарын айылындагы «Чырпыкты» участкасындагы 67 га сугат жерди суу менен камсыз кылуучу 2 км узундуктагы эски каналды Нарын райондук суу чарба мекемесинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

14-июль  2026-жыл                                                                                                                         Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   26-сессиясынын

№26/5 Токтому

 

Эки-Нарын айылындагы «Чырпыкты» участкасындагы 67 га сугат жерди суу менен камсыз кылуучу 2 км узундуктагы эски каналды Нарын райондук суу чарба мекемесинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү  жөнүндө 

 

                Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына ылайык, Эки-Нарын айылындагы «Чырпыкты» участкасындагы 67 гектар сугат жерди суу менен камсыз кылган узундугу 2 км болгон эски каналды мындан ары талаптагыдай эксплуатациялоо, оңдоо жана тейлөө максатында Нарын райондук суу чарба мекемесинин балансына өткөрүп берүү маселесин карап чыгып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Эки-Нарын айылындагы «Чырпыкты» участкасындагы 67 гектар сугат жерди суу менен камсыз кылуучу узундугу 2 км болгон эски каналды Нарын райондук суу чарба мекемесинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Дөбөлү айыл өкмөтүнө мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын даярдап, тиешелүү документтерди мыйзам чегинде тариздөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айыл чарба адиси Ж. Уланбек уулу, жер адиси С. Сапарбек уулуна жана Эки-Нарын айылынын айыл башчысы М. Байзаковго милдеттендирилсин.

 

  1. Нарын райондук суу чарба мекемеси каналды кабыл алгандан кийин аны талаптагыдай пайдаланууну, күтүү жана оңдоо иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                              Б. Шералиев

Жооп калтыруу