30-январь 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 20-сессиясынын
№20/7 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын №18/5 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2025-жылдын 11-декабрындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын №18/5 Токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 4 576 000 (төрт миллион беш жүз жетимиш алты миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынан “Сейил-Булак” участкасына чейинки авто жолун күн чырак менен жарыктандыруу” долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 4 576 000 (төрт миллион беш жүз жетимиш алты миң) сом каражаты Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан суралсын.
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 10 000 (он миң) сом акча каражаты каралсын.
- Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” МИсы жумуш иштерине техникалык жактан камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

