30-январь 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 20-сессиясынын
№20/5 Токтому
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 14 000 000 (он төрт миллион) сомду түзгөн Дөбөлү айыл аймагына караштуу 16 чакырым “Нарын-Ат-Башы авто унаа жолун күн чырак менен жарыктандыруу” долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 14 000 000 (он төрт миллион) сом каражаты Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан суралсын.
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 10 000 (он миң) сом акча каражаты каралсын.
- Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” МИсы жумуш иштерине техникалык жактан камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

