Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектүү 20-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболордү бекитүү жөнүндөгү №20 /4 токтому

30-январь  2026-жыл                                                                                                                                 Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   20-сессиясынын

№20/4  Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтомуна ылайык Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын  2026-жылдын 28-январындагы №01-18/252 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:  

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө сунушталган Жоболор бекитилсин.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтомдору менен бекитилген Жоболорго ылайык Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө иш алып барууга макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                              Б. Шералиев

 

Жооп калтыруу