30-январь 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 20-сессиясынын
№20/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган беренелерге бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынан 3818,9 миң сом каражаты төмөндөгүдөй муктаждыктарга жумшалсын.
| № | Мазмуну | Сумма (миң сом) |
| 1. | Нарын райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын кызмат акысы үчүн кредитордук карызды төлөө | 729,4 |
| 2. | “КР МК караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалынын” кызмат акысы үчүн кредитордук карызды төлөө | 56,2 |
| 3. | Социалдык маселелерге | 145,0 |
| 4. | Карышкыр атууга сыйлык | 200,0 |
| 5. | Таш-Башат, Кайынды айылдарынын генералдык планын жасатууга топографиялык тартууларды жүргүзүүгө | 615,0 |
| 6. | Айыл чарбасын кайра каттого | 130,0 |
| 7. | Алыш айылындагы Футбол аянтын курууга бөлүнгөн жер аянтына инженердик изилдөө жүргүзүүгө | 64,0 |
| 8. | Маданий массалык иш чараларга | 150,0 |
| 9. | Технадзорлордун кызмат көрсөтүүлөрүнө | 200,0 |
| 10. | Ардактуу атуул жана башка сыйлангандарга медаль, рамка, кубок, грамоталарды алууга | 100,0 |
| 11. | Мусор полигондоруна Гос акт алууга чыгымдарга | 147,7 |
| 12. | Таш-Башат айылындагы раскол, купканы ремонттоого | 100,0 |
| 13. | КААБдын бөлмөсүн жасалгалоого | 60,0 |
| 14. | Көчмө кабыл алуу пунктуна күйүүчү май алууга | 15,0 |
| 15. | Алыш айылынын Ы.Эсенаманов көчөсүнүн көчө чырактарын жаңыртууга | 132,0 |
| 16. | Ө.Токтосунов орто мектебине өздүк салым | 130,6 |
| 17. | Дөбөлү айылындагы Жаштык көчөсүнө көчө чырактарын алууга | 64,0 |
| 18. | Башкаруу аппаратына ВКС жабдууларын алууга | 230,0 |
| 19. | Башкаруу аппаратына проектор алууга | 50,0 |
| 20. | Таш-Башат айылынын ички көчөлөрүнө астбест труба алууга | 140,0 |
| 21. | К.Абиров,Алыш, М.Кенжакунов орто мектептерине ПГУ орнотуу | 360,0 |
| Баары: | 3818,9 | |
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов милдеттендирилсин.
Төрага Б.Шералиев

