Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектүү 20-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин жана атайын каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндөгү №20 /2 токтому

30-январь  2026-жыл                                                                                                                                  Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 20-сессиясынын

    №20/2 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин жана атайын каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү  жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2026-жылдагы  бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү боюнча  Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы          К. Кудайбергеновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 20-сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн  2026- жылга бюджеттин киреше бөлүгү 38339,7 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 38339,7 миң   сомго бекитилсин. АУП ка 24  штат бирдиги жана маданият бөлүмүнө 21 штаттык бирдик бекитилсин.

Мунун ичинен:

-Теңдештирилген грант                  15420,1 миң сом

-Жергиликтүү кирешелер               19637,0 миң сом

-Атайын каражат                            3282,6 миң сом.

– Жалпы баары                              38339,7 миң сом   чыгышталсын.

 

Жергиликтүү  кирешелердин бөлүнүшү:

 

Статья Мазмуну Сумма (миң сом)
1 11 111 100 Киреше салыгы 15138
2 11 122 200 Патент 450,0
3 11 311 200 Кыймылсыз мүлк 197,5
5 11 321 100 Огород салыгы 165,5
7 11 321 300 Айыл чарба багытындагы  эмес жерге салык 880,1
8 14 151 200 Лицензия ( недр) 58,0
9 14 152 100 Калктуу пункттарда жерди ижарага алуу акысы 84,0
10 14 152 200 Жайыттан  түшүүчү киреше 2124,2
11 14 152 600 АЧЖМФ  жерлерге 515,5
12 14 224 200 Тазалык жыйымы 19,2
13 14 224 400 Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттер үчүн жыйым 5,0
14 14 232 400 Атайын каражат 3282,6
15 Тендештирилген грант 15420,1
  Баары:      38339,7 мин  сом   кириштелсин.

 

 

 

Жергиликтүү  бюджеттин  чыгаша  бөлүгү

 

Статья АУП ка Сумма (миң сом)
1 2111 Эмгек акыга 15715,8
2 2121 Соц фондго 2249,6
3 2211 Командировочный 100,0
4 2212 Байланыш кызмат 200,0
5 2214 Транспорт чыгым ( бензин) 364,0
6 2215 Ар кандай чыгым 1453,9
7 2221 Учурдагы ремонт 150,0
8 2222 Учурдагы чарбалык максаттар 235,0
9 2224 Көмүр алууга 55,0
    Баары: 20523,3 миң сом

 

Статья Жайыт Сумма (миң сом)
1 1415 Башка кызмат көрсөтүү акысы 2124,2
    Баары:  2124,2 миң сом

 

Статья Айылдык  маданиятына Сумма (миң сом)
1 2111 Эмгек акыга 6039,6
2 2121 Соц фондго 1041,9
3 2224 Көмүр сатып алууга 495,0
4 3112 Сатып алуулар 147,0
    Баары:  7723,5 мин сом

 

Статья Мектептер Сумма (миң сом)
1 2214 Мектептердин транспорт чыгым 255,9
2 2224 Көмүр сатып алууга 3388,0
3 3111 М.Кенжакунов орто мектебинин от казанын алмаштырууга 250,0
    Баары    3893,9 мин  сом

 

Статья Бала бакчаларга Сумма (миң сом)
12 2221 Учурдагы ремонт 140,0
13 2222 Учурдагы чарбалык максаттар 105,0
14 2224 Көмүр сатып алууга 547,2
    Баары    792,2 мин  сом

 

Статья Бала бакчаларга атайын каражат Сумма (миң сом)
13 2218 Тамак ашка 3282,6
    Баары:  3282,6 мин  сом
    Жалпы бардык чыгым: 38339,7 миң сом

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасы 2026-жылга 38339,7 миң сом суммасында жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.

 

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2027-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасынын долбоору 42342,8 миң сом суммасында жана 2028-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасынын долбоору 42342,8 миң сом суммасында бекитилсин.
  2. Айыл аймагындагы бала бакчалардан ата-энелерден алынуучу төлөм ар бир айдын        5-чи числосунан кечиктирбестен ошол ай үчүн толук төгүп туруу жана 342  баланы толук кабыл алуу бала бакчалардын башчылары (Г.Абдыраева, Д.Сманбаева, Н.Абдрахманова,  А.Жанекова, Ж.Төрөбай кызы, Г. Ишеналиева, А. Өмүралиева)  милдеттендирилсин  жана  акча каражаты өз убагында төкпөсө чара көрүлсүн.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адиси салыктын түрлөрү боюнча жайыт салыгы, жайыт акыны өз мөөнөтүндө түшүрүү жагы               Н.Өмүрзаковага   милдеттендирилсин.

 

  1. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын тиешелүү жерлерге которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы К. Кудайбергеновго  милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                             Б.Шералиев

 

Жооп калтыруу