14-январь 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 19-сессиясынын
№19/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын 2026-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражатынын көлөмү 56,9 миң сомго бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражатынан 56,9 миң сомго төмөндөгүдөй муктаждыктарга жумшалсын.
| № | Мазмуну | Сумма |
| 1 | АУПка | 13,6 |
| 2 | Аруу-Тилек бала бакчасына | 3,2 |
| 3 | Бала-Нур бала бакчасы | 1,2 |
| 4 | Кайыңды келечек бала бакчасына | 24,6 |
| 5 | Орук-Там келечек бала бакчасына | 14,3 |
| Баары | 56,9 | |
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага Б.Шералиев

