Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектүү 19-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндөгү №19 /1 токтому

14-январь  2026-жыл                                                                                                                               Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 19-сессиясынын

№19/1 Токтому

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык  акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

 

         Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  социалдык экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровдун баяндамасын угуп Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2026-жылдын 1-январына карата калдык     акча каражатынын көлөмү 5035,5  сомго бекитилсин.
  2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынан 2025-жылдагы сметадан ашыкча түшкөн  424,3 миң сом каражаты жайыт жерлерине малды жаюу үчүн жыйымдардан түшкөн каражат болгондугуна байланыштуу Ак-Бел муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.
  3. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.
  4. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  К.Кудайбергеновго  милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                                Б.Шералиев

 

Жооп калтыруу