11-декабрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын
№18/5 Токтому
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 4 576 000 (төрт миллион беш жүз жетимиш алты миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынан “Сейил-Булак” участкасына чейинки авто жолун күн чырак менен жарыктандыруу” долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 4 576 000 (төрт миллион беш жүз жетимиш алты миң) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

