Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндөгү №18/2 токтому

11-декабрь  2025-жыл                                                                                                             Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз   18-сессиясынын

№18/2 Токтому

Долбоордук өтүнмөнү бекитүү  жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 566 500 (беш жүз алтымыш алты миң беш жүз) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл өкмөтүнүн имаратына жабдууларды алуу” долбоору жактырылсын.

 

  1. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 566 500 (беш жүз алтымыш алты миң беш жүз) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                  Б. Шералиев

 

Жооп калтыруу