25-ноябрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясынын
№17/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга стратегиялык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга стратегиялык экономикалык өнүгүү планын карап чыгып жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга стратегиялык экономикалык өнүгүү планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
- Дөбөлү айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга стратегиялык экономикалык өнүгүү планынын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

