25-ноябрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясынын
№17/1 Токтому
Эки-Нарын келечеги бала бакчасынын от казанын алмаштырууга каражат кароого
2025-жылдын жыл башына калган калдык каражаттан 3111 беренесинен Дөбөлү айылдык клубуна таза суу киргизүүгө каралган 200,0 мин сом каражатынан жана 2215 беренесинен социалдык объектилердин документтерин бүткөрүүгө каралган каражат 50,0 миң сом каражатынан жылдыруу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын №4/3 Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин жана атайын каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө токтому менен бекитилген 3112 беренесине каралган 200,0 миң сомдон каражатын жылдыруу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Жыл башына калган калдык каражаттан 3111 беренесинен Дөбөлү айылдык клубуна таза суу киргизүүгө каралган 200,0 миң сомдон үнөмдөлгөн 128,5 миң сом каражаты Эки-Нарын келечеги балдар бакчасынын от казанын алмаштырууга 3112 беренесине жылдырылсын.
- Жыл башына калган калдык каражаттан 2215 беренесинен социалдык объектилердин документтерин бүткөрүүгө каралган 50,0 миң сом каражаттан Алыш орто мектебинин жылуулук системасын ремонттоого 40,0 миң сом жана Эки-Нарын келечеги балдар бакчасынын от казанын алмаштырууга 10,0 миң сом 3112 беренесине жылдырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага Б.Шералиев

