Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын бала бакчаларынын тамак-аш азыктарына кошумча план алуу жөнүндөгү №16/5 токтому

13-ноябрь  2025-жыл                                                                                                                       Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз  16-сессиясынын

    №16/5 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын бала бакчаларынын тамак-аш азыктарына кошумча план алуу жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 билим берүү жөнүндө мыйзамыныны 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин  кайрылуусун карап жана талкуулап  Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын “Бала-Нур”, “Небере”, “Кайыңды келечек”, “Э.Сопуев”, “Эки-Нарын” бала бакчаларына 188,4 миң сом кошумча план Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгынан суралсын.

 

  1. Орук-Там бала бакчасынын тамак-аш азыктарына планынан 7,5 мин сом, Аруу-Тилек бала бакчасынан 3,3 миң сом жалпы 10,8 мин сом Бала-Нур бала-бакчасына жылдырылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                                                                                 Б.Шералиев

 

Жооп калтыруу