13-ноябрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIX-чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын
№16/4 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 9-сессиясынын №9/4 Токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 9-сессиясынын №9/4 Токтомуна толуктоо киргизүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 9-сессиясынын №9/4 Токтому менен бекитилген токтомуна Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын сунуштарын бекитип берүү жөнүндө токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын жайыт жерине тиешелүү участкаларындагы элге кызмат көрсөтүү үчүн жана башка пайдаланууга берилген жердин аренда акысы 20 000 (жыйырма миң) сом болуп бекитилсин. (жер комиссиясынын чечими менен, конкурстук негизде берилсин).
- Дөбөлү айыл аймагы боюнча тазалык жыйымынан чогулуучу төлөмдүн бөлүштүрүлүшү боюнча, 98,5% кызмат көрсөтүүгө жана 1,5% салыгын төлөөгө жумшалсын.
- Дөбөлү айыл аймагындагы мекеме ишканалардын таштандыларын чыгаруу төлөмдөрү 300 (үч жүз) сом болуп бекитилсин.
- Дөбөлү айылындагы Б. Жакыпов атындагы №30 кесиптик лицейине таштандыларын чыгаруу төлөмдөрү айына 300 (үч жүз) сом жана таза суу төлөмдөрү айына 492 (төрт жүз токсон эки) сом деген сөздөргө толуктоо киргизилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

