Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясынын 2024-жылдын 28-августундагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектүү 24-сессиясынын №24/3 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндөгү №15/2 токтому

14-октябрь  2025-жыл                                                                                                                Дөбөлү  айылы

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясынын №15/2 Токтому

 

2024-жылдын 28-августундагы Дөбөлү айыл  аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектүү 24-сессиясынын №24/3 токтомуна толуктоо киргизүү   жөнүндө

 

 

2024-жылдын 28-августундагы Дөбөлү айыл  аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектүү 24-сессиясынын №24/3 токтомуна толуктоо киргизүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын “Сейил-Булак” участкасына суу сактоочу мунара курууга жер бөлүп берүү жөнүндө токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын “Сейил-Булак” участкасындагы суу сактоочу мунарадан Нарын шаарына караштуу   “Сейил-Булак” чөлкөмүнүн жашоочуларына таза суу системасын тартууга макулдук берилсин.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына 2022-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №713 токтомунун төлөмдөрү менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын

Төрага                                                                                                         Б. Шералиев

Жооп калтыруу