Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясынын Кезектеги IV Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндөгү №15/1 токтому

14-октябрь  2025-жыл                                                                                                         Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ -чакырылышынын кезексиз15-сессиясынын

№15/1 Токтому

 

Кезектеги IV Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө

                 Кыргыз Республикасынын Президентинин  2025-жылдын  22-сентябрындагы  «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №270   Жарлыгы жана кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын №1 протоколун аткарууга алуу максатында, Дөбөлү  айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №270 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын калкынын саны 6013 болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктардын катышуучу өкүлдөрдүн жалпы саны 50 деп бекитилсин.

 

  1. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу, материалдык-техникалык камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. 

 

  1. Бекитилген график боюнча жыйындардын өткөрүлүшүн, ал жыйындардан жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарына же курултайына өкүлдөрдү же делегаттарды бекитилген квотага ылайык аныкталышын уюштуруу жана координациялоо үчүн жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын өкүлдөрүнүн саны жана квотасы тиешелүү аймакта жашаган калкынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 20-октябрынан 22-октябрына чейин белгиленсин 3-тиркемеге ылайык.

 

  1. Айыл аймактарда бөлүнгөн бөлүктөрдө өткөрүлгөн жарандардын жыйындарынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн тизмесин жалпылоо 2025-жылдын 28-октябрына чейин деп белгиленсин.

 

  1. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына катышуучуларынын тизмесин тактоо, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат даярдоо, ошондой эле жыйындын күн тартибинин долбоорун 2025-жылдын 30-октябрына чейин даярдалсын.

 

  1. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү 2025-жылдын 1-ноябры (ишемби) деп белгиленсин 4-тиркемеге ылайык.

 

  1. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин, шайлоо тууралуу протоколду, делегаттардын толтурулган анкеталарын жана делегаттардын тиешелүү документтерин райондук уюштуруу комитетине 2025-жылдын 3-ноябрына чейин жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 Төрага                                                                                  Б.Шералиев                                                                             

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин

XX1Х-чакырылышынын 15-сессиясынын 2025-жылдын

14-октябрындагы  №15/1 токтомунун 1-тиркемеси

 

 

Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жыйындардын өккөрүлүшүн, ал жыйындардан  жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарына же курултайына өкүлдөрдү же делегаттарды бекитилген квотага ылайык аныкталышын  уюштуруу жана координациялоо үчүн жумушчу тобунун курамы

 

А.А.А. Кызматы Жумушчу тобунун ролу Айыл аймакка жооптуу
1 Б. Шералиев Айылдык кеңештин төрагасы Төрага баарына
2 Т. Асанкожоев Жооптуу катчы Катчы баарына
3 Б. Сүйүналиев Айылдык кеңештин орун басары Орун басар Кеңеш
4 С. Орозакунова Депутат Мүчөсү Кеңеш
5 С. Молдобаев Айыл башчы Мүчөсү Кеңеш
6 М. Тазабеков Депутат Мүчөсү Кайыңды
7 К. Турдалиева Депутат Мүчөсү Кайыңды
8 А. Осмонов Айыл башчы Мүчөсү Кайыңды
9 Б. Курманбек уулу Депутат Мүчөсү Дөбөлү
10 А. Мамытов Депутат Мүчөсү Дөбөлү
11 Ж. Токтор кызы Депутат Мүчөсү Дөбөлү
13 Ж. Уланбек уулу   Мүчөсү Дөбөлү
13 Р. Асанкожоев Депутат Мүчөсү Эки-Нарын
14 Г. Абдыразакова Депутат Мүчөсү Эки-Нарын
15 Ж. Алымбаев Депутат Мүчөсү Алыш
16 Б. Жоомартова Депутат Мүчөсү Алыш
17 М. Нуркалиев Айыл башчы Мүчөсү Алыш
18 Э. Асанов Депутат Мүчөсү Таш-Башат
19 А. Бакасов Депутат Мүчөсү Таш-Башат
20 А. Асанбекова Депутат Мүчөсү Таш-Башат
21 Б. Асаналиев Айыл башчы Мүчөсү Таш-Башат
22 П. Асыранбекова Депутат Мүчөсү Таш-Башат
23 М. Кадыров Депутат Мүчөсү Таш-Башат
24 Р. Асанкожоев Депутат Мүчөсү Тамды-Суу
25 Э. Орозоев Айыл башчы Мүчөсү Тамды-Суу

 

Катчы                                                                                            Т. Асанкожоев

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин

XX1Х-чакырылышынын

           15-сессиясынын 2025-жылдын  14-октябрындагы

 №15/1 токтомунун 2-тиркемеси

 

 

Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынындагы өкүлдөрдүн саны жана квотасы

 

Айылдардын (чөлкөмдүн аталышы) Калкынын саны 1 квотага тийиштүү калктын саны Берилүүчү квотанын саны Гендердик баланс 30% (аял)
1 Кеӊеш айылы 746 120.2 6 4 эркек 2 аял
2 Алыш айылы 548 120.2 5 4 эркек 1 аял
3 Дөбөлү айылы 1601 120.2 13 9 эркек 4 аял
4 Кайыӊды айылы 714 120.2 6 4 эркек 2 аял
5 Таш-Башат айылы 1497 120.2 13 9 эркек 4 аял
6 Эки-Нарын айылы 777 120.2 6 4 эркек 2 аял
7 Тамды-Суу айылы 130 120.2 1 1 эркек
Дөбөлү айыл аймак боюнча жалпысы: 6013   50 35 эркек                 15 аял

 

Катчы                                                                                                            Т. Асанкожоев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин

XX1Х-чакырылышынын                   кезексиз 15-сессиясынын

2025-жылдын  14-октябрындагы  №15/1 токтомунун 3-тиркемеси

 

 

2025-жылдын 20октябрынан 22октябрына чейин Дөбөлү айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү

 

ГРАФИГИ

 

Айылдын  (чөлкөмдүн) 

аталышы

Чогулуш өтүүчү жер Убактысы Уюштуруучулар
1 Кеӊеш айылынын

Б. Курманов,

Э. Усубалиев, Аэропорт көчө чөлкөмдөрү

Кеӊеш айылындагы К. Абиров орто мектебинин спорт залында 20.10.2025-ж

Саат 10:00

Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
2 Алыш айылынын

Т. Аргымбаев,

Ы. Эсенаманов,

Ч. Алымбаев көчө чөлкөмдөрү

Алыш айылындагы Алыш орто мектебинин спорт залында 20.10.2025-ж

Саат 12:00

Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
3 Дөбөлү айылынын

М. Боромбаев,

Ө. Токтосунов,

М. Сатыбалдиев,

А. Аракеев,

Т. Молдоканов,

Б. Абдыканова, Кабак, Ж. Кысамединов, Жаштык көчө чөлкөмдөрү

Дөбөлү айылдык маданият үйүндө 20.10.2025-ж

Саат 15:00

Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
4 Кайыӊды айылынын

Ж. Муңайтпасов, С. Кененбаев,

Д. Токторбаев,

Ө. Тезекбаев, Т. Байгазиев  көчө чөлкөмдөрү

Кайыӊды айылындагы  М. Кенжакунов орто мектебинде 21.10.2025-ж

Саат 12:00

Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
5 Таш-Башат айылынын

Д. Мамбетов,

Д. Кененбаев,

А. Өскөнбаев,

Т. Чарыков,

Арча-Бешик,

К. Байгазиев, М. Касмакунов көчө чөлкөмдөрү

Таш-Башат айылындагы  маданият үйүндө 21.10.2025-ж

Саат 14:00

Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
6 Эки-Нарын айылынын

А. Орозалиев,

Т. Окенов,

Ж. Өмуров,

Ж. Курманалиев,

Ж. Садыр, Ш. Көкөтаев көчө чөлкөмдөрү

 

Эки-Нарын айылындагы         М. Мамбетов мектебинде 21.10.2025-ж

Саат 16:00

Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
7 Тамды-Суу айылынын

О. Алиев көчө чөлкөмү

Тамды-Суу айылындагы маданият үйүндө 22.10.2025-ж

Саат 13:00

Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

 

Катчы                                                                                                         Т. Асанкожоев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин

XX1Х-чакырылышынын                   кезексиз 15-сессиясынын

2025-жылдын  14-октябрындагы  №15/1 токтомунун 4-тиркемеси

 

Кезектеги IV Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү

 

ГРАФИГИ

 

Айыл аймак Чогулуш өтүүчү жер Убактысы Уюштуруучулар
1 Дөбөлү айылы Дөбөлү айылдык маданият үйүндө 01.11.2025

Саат 11:00

Жумушчу  топ

 

Катчы                                                                                                        Т. Асанкожоев

 

 

Жооп калтыруу