Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 14-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин эмеректерин жаңыртуу долбоорун кароо жөнүндөгү №14/3 токтому

8-сентябрь  2025-жыл                                                                                  Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз   14-сессиясынын

№14/3 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин эмеректерин жаңыртуу  долбоорун кароо жөнүндө

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында  Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл   аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Дөбөлү  айыл   аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин эмеректерин жаңыртуу  долбоору жактырылсын.

 

  1. Долбоорду каржылоого Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн өнүктүрүү фондунан  2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты суралсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                         Б. Шералиев

 

Жооп калтыруу