8-сентябрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 14-сессиясынын
№14/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Таш-Башат айылынын башкы суу алуучу “Кайыңды 1” 13000 метр узундуктагы каналы жана Алыш Кеңеш айылынын “Чоң-Алыш” 14000 метр узундуктагы негизги каналдарды Суу ресурстары кызматынын Нарын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Таш-Башат айылынын башкы суу алуучу “Кайыңды 1” 13000 метр узундуктагы канал жана Алыш Кеңеш айылынын “Чоң-Алыш” 14000 метр узундуктагы негизги каналдарды мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
- Каналдарды өткөрүп берүү, тиешелүү документтери менен иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Сапарбек уулуна тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага Б. Шералиев

