30-январь 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 20-сессиясынын
№20/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин балдардын тамак ашына ата энелерден чогулуучу төлөмдүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 билим берүү жөнүндө мыйзамыныны 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык Дөбөлү айыл өкмөтүнүн социалдык экономиканы ө баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин балдардын тамак ашына ата энелерден чогулуучу бир балага төлөм төмөнкүдөй бекитилсин.
| № | Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аталышы | 1 балага 1 айга төлөм (сом) |
| 1 | Аруу-Тилек | 1100 |
| 2 | Бала-Нур | 1200 |
| 3 | Небере | 1200 |
| 4 | Кайыңды | 1000 |
| 5 | Э.Сопуев | 1200 |
| 6 | Эки-Нарын | 1000 |
| 7 | Орук-Там | 1200 |
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага Б.Шералиев

