Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектүү 20-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын Алыш жана Эки-Нарын айылдарынын китепканалары жөнүндөгү №20 /6 токтому

30-январь  2026-жыл                                                                                                                                  Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   20-сессиясынын

№20/6  Токтому

Дөбөлү айыл аймагынын Алыш жана Эки-Нарын айылдарынын китепканалары  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-июлундагы №624-т тескемесинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 7-августундагы №184-б буйругунун жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 12-августундагы №261-б буйругунун негизинде 2026-жылдын 30-январындагы №02.2-3/68 Дөбөлү айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-июлундагы №624-т тескемесинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 7-августундагы №184-б буйругунун жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 12-августундагы №261-б буйругунун негизинде айыл өкмөттөрүнө Нарын райондук маданият бөлүмү менен биргеликте 2025-жылдын 25-сентябрына чейин иштеп жаткан айылдык китепканалардын ишинин натыйжалуулугуна, максаттуулугуна жана талапка ылайыктуулугуна баалоо жүргүзүү, ошондой эле жыйынтыгы боюнча сактоого тийиш болгон айылдык китепканалардын тизмесин бекитүү боюнча тапшырманын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын Алыш жана Эки-Нарын айылдык китепканаларынын штаттык бирдиги жоюлбастан мындан аркы ишин улантуу жагы  жактырылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                          Б. Шералиев

Жооп калтыруу