Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектүү 20-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын №18/5 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү №20 /7 токтому

30-январь  2026-жыл                                                                                                                                     Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү   20-сессиясынын

№20/7   Токтому

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын №18/5  Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

2025-жылдын 11-декабрындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын №18/5  Токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши      токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 4 576 000 (төрт миллион беш жүз жетимиш алты миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынан “Сейил-Булак” участкасына чейинки авто жолун күн чырак менен жарыктандыруу” долбоору жактырылсын.

 

  1. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 4 576 000 (төрт миллион беш жүз жетимиш алты миң) сом каражаты Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 10 000 (он миң) сом акча каражаты каралсын.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” МИсы жумуш иштерине техникалык жактан камсыздоо жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                       Б. Шералиев

 

Жооп калтыруу