14-январь 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 19-сессиясынын
№19/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровдун баяндамасын угуп Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынын көлөмү 5035,5 сомго бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынан 2025-жылдагы сметадан ашыкча түшкөн 424,3 миң сом каражаты жайыт жерлерине малды жаюу үчүн жыйымдардан түшкөн каражат болгондугуна байланыштуу Ак-Бел муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага Б.Шералиев

