14-январь 2026-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 19-сессиясынын
№19/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагында элге кызмат көрсөткөн малчылардан жана айыл чарба техникаларынын ээлеринен ай сайын патент алуу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагында элге кызмат көрсөтүп жаткана малчылардын жана айыл чарба техникаларынын (трактор, комбайн, жүк ташуучу жана башка техникалар) ээлеринин ишин тартипке келтирүү, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагында элге кызмат көрсөткөн малчылардан жана айыл чарба техникаларынын ээлеринен элге кызмат көрсөткөнүнүн мезгилдүүлүгүнө жараша айына 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө патент алуу боюнча макулдук берилсин.
- Патент алуу тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Н. Омүрзаковага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

