25-ноябрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясынын
№17/2 Токтому
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык Дөбөлү айылындагы жалпы сметалык наркы 4 954 218 (төрт миллион тогуз жүз элүү төрт миң эки жүз он сегиз) сомду түзгөн “Дөбөлү айылындагы парктын аймагын тосуу жана эстеликти капиталдык оңдоодон өткөрүү” долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 3 954 218 (үч миллион тогуз жүз элүү төрт миң эки жүз он сегиз) сом каражаты дем берүүчү үлүштүк гранттан каржылоого сунушталсын.
- Өздүк салым катары 1 000 000 (бир миллион) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

