Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын Курманов Бейшеналы, Акматов Дүйшөмакун жана Аэропорт көчөлөрүнө жаңы трансформатор коюуга макулдук берүү жөнүндөгү №16/1 токтому

13-ноябрь  2025-жыл                                                                                                                      Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз   16-сессиясынын

№16/1 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын Кеңеш айылынын Курманов Бейшеналы, Акматов Дүйшөмакун жана Аэропорт көчөлөрүнө жаңы трансформатор коюуга макулдук берүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси             С. Сапарбек уулунун баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын Курманов Бейшеналы, Акматов Дүйшөмакун жана Аэропорт көчөлөрүнө Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер аянттарына жаңы трансформатор коюуга  макулдук  берилсин.

 

  1. Эки-Нарын айылынын тургунунун өзүнүн макулдугу менен жеке менчик жерине трансформатор коюу боюнча иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

  1. Тиешелүү документтери менен иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Сапарбек уулуна жана Кеңеш айылынын айыл башчысы        С. Молдобаевге милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                              Б. Шералиев

Жооп калтыруу