13-ноябрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын
№16/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтомунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча адисинин баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтомдору биздин айыл аймактын менталитеттине азырынча туура келбегиндигине байланыштуу жобону бекитип берүүдөн баш тартылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

